Замирбек Карашев: «Мамлекеттик бажы кызматында коррупция жок»

Депутат Акыл Кемелов бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Бажы кызматынын төрагасынын орун басарынан “Мамлекеттик бажы кызматында коррупция барбы?” деп сурады. Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Карашев “коррупция жок, бирок адам факторун четке кагууга болбойт” деп жооп берди.

“Сиз азыр өзүңүзгө-өзүңүз каршы чыгып жатасыз. Коррупция жок дейсиз, бирок адам фактору бар дейсиз. Биз баарыбыз Бажы кызматында коррупция бар экенин билебиз”, — деди ал. Бирок Замир Карашев депутаттын сөзүн колдобостугун, Бажы кызматында коррупция жок экенин айтты. “Буга чейин деле ушинтип айтылып келген. Бирок мурда иштегендер азыр мамлекетке келтирген зыянды төлөп жатышат”, — деди эл өкүлү.