Зардалы айылына жөө баруучу жолдун бүгүнкү абалы кандай? Фото

Бүгүн, 29-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына жөө баруучу жолдун абалы менен жеринен таанышты.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен келерки жылдын жазында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу башталат. Бир апта мурда Зардалыга бара турган жалгыз унаа жолдун тар жерлери тазаланып, кеңейтилген. Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.