Зардалыга бара турган жалгыз унаа жолдун тар жерлери тазаланып, кеңейтилип жатат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык келерки жылдын жазында Баткен облусунун Зардалы айылына баруучу жолдун курулушу башталат. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагозов соцтармактагы баракчасына жарыялады.
Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Учурда алыскы айылга алып барчу жол жыл сайын май-июнда ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат. Мамлекет башчысы Зардалыга 29-сентябрда барып, айыл тургундарынан кабар алган. Жолугушууда жергиликтүү тургундар орчундуу көйгөй катары унаа жолун жасап берүү өтүнүчүн айтышкан. Президент Садыр Жапаров Зардалыга бара турган жолдун салынышы 2025-жылы жазында башталарын билдирген.