Зардалыга барчу жол кеңейтилип жатат

Зардалы айылына баруучу жолдун Сары-Талаа-Кызыл-Таш бөлүгүндө кеңейтүү (бургулоо, жардыруу) жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу транспорт министрлигинен билдиришти.

«Белгилер орнотулууда. Жеринде №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда»,- деп айтылат маалыматта.
Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын болгон аймактагы айылы. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.