Зардалы айылына баруучу жолдун Сары-Талаа — Кызыл-Таш бөлүгүндө кеңейтүү (бургулоо, жардыруу) жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Унаа кыймылынын багытын жакшыртуу үчүн белгилер орнотулууда. Жеринде №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.
Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.