Зардалыга бир тилкелүү жол салынат

«Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар» дейт баткендик туугандар. Долбоор жасалып башталды». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасында жазды.

«Эмдиги жылдын бюджетине киргизилип, жаздын алды менен иш башталат. Бирок бир тилкелүү эле жол болот. Эки тилке кылууга мүмкүн эмес, аскалуу жерлери бар экен. Кулап кетүү коркунучу бар. Жол кыймылындагы коопсуздук үчүн бир тилкелүү жолдун ар кайсыл жерине каршы келе жаткан унааны өткөрүп жиберүү үчүн “чөнтөкчөлөр” жасалат. Азырынча “Жоктон көрө жогору дегендей” бир тилкелүү жол салып туралы. Зардалыга жол мамлекеттин коопсуздугу үчүн зарыл», — деп жазды өлкө башчысы.