Зардалыга кете турчу жалгыз унаа жолу ачылды

Кыргызстандын алыскы айылы аталган Зардалыга кете турчу жалгыз унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жалпы 85 чакырымды түзгөн Сох-Кан-Зардалы жолунун 45-68-чакырым аралыгын кар көчкүдөн жана таштардан тазалап, каттам кыймылын жандантышты. Азыркы тапта кырсыктарды алдын алуу максатында аталган жолдун 11-чакырымында суунун нугун буруу жумуштары жүрүп жатат.

Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Кышы абдан катаал Зардалыны башка айылдар менен жалгыз бир гана унаа жолу туташтырат. Жол жыл сайын, май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөнгө дейре каттам үзүлбөйт.