Зардалынын жолунун курулушу кандай жүрүп жатат? Министр тездетүүнү тапшырды

Кечээ, 26-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Сары-Талаа — Кызыл-Таш — Зардалы жолунун курулуш иштеринен кабар алды.

Министр курулуш аймагында жумушчулардын коопсуздугу биринчи орунда болушу керектигин баса белгилеп, жаралган тоскоолдуктарды тез арада чечүүнү тапшырды. Аталган жолдун жалпы узундугу 17,5 чакырымды түзөт.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 29-сентябрда Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген. Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактагы айылы.