«Зенит» клубунун экипировкасы тууралуу сөз болгон эмес». Кыргыз бренди клубга форма тигип берери төгүндөлдү

Санкт-Петербургдун «Зенит» клубу футболчуларына экипировканы кыргызстандык «Bigser Sport» спорттук кийимдер бренди тигип берет деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу басылмалар жазып чыгышты.

«Учурда «Зенит» футбол клубунун өкүлдөрү Бишкекте иш сапары менен жүргөнү чындык. Бирок ал жакта «Зенит» клубунун экипировкасы тууралуу сөз болгон эмес. Клубдун дагы бир «Зенит-Премьер-Футбол» аттуу Петербургдагы профессионалдар үчүн арналган ири спорттук кийимдер дүкөнү бар. Биздин өкүлдөр азырынча аталган дүкөндү өнүктүрүү максатында келишимге кол коюшту», — деп билдирди «Зенит» клубунун басма сөз кызматынын өкүлү.

Буга чейин эл аралык форумда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков орусиялык «Зенит премьер футбол» клубуна ата мекендик «Bigser Sport» спорттук кийим тигүүчү бренд форма тигип берет деген. Кийинчерээк ал билдирүүсүн өчүрүп салды.