Жалал-Абад шаарында мектептер ачылмай болду

Жалал-Абад шаарында мектептер ачылмай болду. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.

Кечээ, 19-ноябрда Жалал-Абад шаардык штабы 1-5-9-11-класстарга гана мектепке барып билим алууга уруксат берди. Калган класстардын окуучулары онлайн тартипте окуусун улантат. Бул чечим муниципалдык жана менчик мектептерге да тиешелүү.

Ал эми №12, 18, 22 мектептер толук кандуу иштеп, 1-класстан 11-класска чейин окуучуларды кабыл алат. Анткени бул үч мектепте балдардын саны аз.