«Кыскартуу керек». Жапаров КТРКны менчик телеканалдар менен салыштырды

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров журналисттерге алгачкы маалымат жыйынын берип жатат.

«КТРКда миңдей адам иштейт, бюджеттен миллиардаган акчалар кетет. Бирок он жылдан бери бул каналды көп киши көрбөй калган. Ошондой эле ишти менчик телеканалдар 30-40-50 киши менен жүргүзүшөт. Элдин көбү ошолорду көрөт.

КТРКда реформа жүрүп, кыскартууга барышы керек. Башчысынан тартып пол жуугучуна чейин сынактык комиссия менен тазалап алсаңыздар, мына ошондо люстрация кылдык деп айтсак болот», — деди Жапаров.

Маалымат жыйын КТРКнын студиясында өтүп жатат.