Жапаровдон Кыргыз-Кытай чек арасынан товарларды өткөрүү маселесин чечүүнү сурап жатышат

Базарлар ассоциациясы өкмөттүн ишине нааразы болуп жатат. Ассоциациянын башчысы Дамира Дөөлөталиеванын айтымында, Кыргыз-Кытай чек арасынан товарларды өткөрүү маселеси жай жана жыйынтыксыз өтүүдө.

“Торугарт” менен “Эркечтам” январдан сентябрга чейин жабык болду. Сентябрдын орто ченинен ачылып, соодагерлер акырындык менен иштей баштады. Бирок 2-октябрдан тартып чектөөлөр киргизилип, 300 унаадан ашып барса, 10 унааны гана өткөрүп жатышат. Бардык мекемелерге кайрылып жатканыбыз менен баары бири-бирине шылтап коюшууда”, — деди Дөөлөталиева.

Анын айтымында, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бул ишке катышып, маселени чечиши керек. Буга чейин “Дордой” базарынын соодагерлери Өкмөт үйүнүн алдында митингге да чыгышкан эле.