ЖЭБдеги кырдаал. Борбордун директору эмне дейт?

Кыламык жааган кардан уламбы, же башка дагы себеби барбы, айтор, түшкү убакытта Бишкек шаарынын бир топ райондорунда электр энергиясы өчүп калды. Бул окуяга удаа эле социалдык тармакта “Бишкек Жылуулук электр борбору аварияга кабылды” деген билдирүү желдей тарап, сүрөт, видеолор жарыяланды. Анда Бишкек Жылуулук электр борборун аппак буу каптап жатканын көрүүгө болот.  Электр энергиясынын жоктугунан жол чырактар иштебей, шаардын борбордук көчөлөрүндө унаалардын тыгыны да пайда болду.
Кырдаал боюнча Жылуулук электр борборунун директору Андрей Воропаев түшүндүрмө берди.
«Бүгүн саат 13:06да борбордо өчүрүү болду. Анда ал жактан чыккан 110 киловольттук линиянын чыңалуусу жоголуп кеткен. Мындан улам станцияга күч келген жана жылуулук берүү токтогон. Азыркы тапта станциянын иши 75 пайыз калыбына келтирилди, дагы да болсо калыбына келтирүү уланууда. Шаардыктар кабатырланбай эле койсо болот», — деди ал.

“Электр станциялары” ишканасы ЖЭБде авария болбогонун, автоматтык коргоо системи иштеп кеткенин билдирди.

Ал эми Бишкек шаар мэринин мурдагы кеңешчиси Гуля Алманбетова ЖЭБдеги агрегаттар иштен чыкканын жана аны элден жашырып жатышканын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Эки күн мурда эле вице-премьер Равшанбек Сабиров Бишкек ЖЭБинин 2020-2021-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерип кеткен.

Бишкек ЖЭБи мындан эки жыл мурда кычыраган кыштын суугунда бир апта бою иштебей калып, шаардыктардын жүрөгүнүн үшүн алып койгон. ЖЭБдин 100 миңден ашуун абоненти бар. Авариядан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес иштетилген дешип, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, мурдагы министр Осмонбек Артыкбаев жана башкалар кармалып соттолгон.