Жогорку Сот ушул жылдын 8-мартында Бишкекте Аялдардын тилектештик жүрүшүн уюштуруу ишин карады. Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, 11-ноябрда Жогорку Соттун чечими менен Свердлов райондук сотунун чечими жана Бишкек шаардык сотунун аныктамасы жокко чыгарылды. Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын өтүнүчү боюнча иш-аракеттерди мыйзамдуу жана негиздүү деп табуу боюнча өндүрүш токтотулган.
Жүрүштү уюштуруучулардын жактоочусу Евгения Крапивинанын билдиришинче, Жогорку Соттун чечимин колуна алгандан кийин, активисттерди жоопко тартуу жана айып пул салуу боюнча башка соттун чечимине каршы даттанат.
Ушул жылдын 8-мартында Бишкекте «Аялдардын тилектештик маршы» өтүүсү пландалган. Бирок белгисиз адамдар митингчилерге кол салышып, милиция кызматкерлери тынчтык маршынын уюштуруучуларын, катышуучу кыздарды кармап кетишкен.