Жылкы, уй, кой… Айрым айыл чарба продуктуларын сыртка ташууга убактылуу тыюу салынды

Жылкы, уй, кой… Айрым айыл чарба продуктуларын сыртка ташууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу айыл чарба министри Тилек Токтогазиев социалдык тармактагы баракчасына жарылады.

«Тыюу салуу аларга карата баа жогорулап кеткенине байланыштуу киргизилди. Өлкөдө экономикалык кырдаал жакшырып, абал турукташканга чейин тыюу салуу күчүндө болот», — деди министр. Анын айтымында, этти сыртка ташууга тыюу салынган эмес.

Тыюу салуу киргизилген азык-түзүлүктүн тизмеси:
1. Жылкы
2. Ири мүйүздүү мал
3. Кой, эчки
4. Канаттуулар: тоок, өрдөк, каз, үндүк жана башка
5. Арпа
6. Жүгөрү
7. Күрүч
8. Буудайдын уну
9. Өсүмдүк майы
10. Шекер
11. Йоддолгон туз
13. Жумуртка
14. Жем