Золгенсма уколун алган Аслан Кыргызстанга келди (видео)

Буга чейин калың эл жардам берип, СМА оорусун токтото турчу «Золгенсма» дарысын алуу үчүн Дубайга кеткен Аслан мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Асландын атасы социалдык тармактагы баракчасына билдирип, видео жарыялады.

«Кыргыз элим, биз аман-эсен келип алдык. Уколубузду алып, жаман ооруну токтотуп келдик, себепчи болгон ар бириңиздерге терең ыраазычылык. Канча ыраазычылык айтсак да, жетишсиз. Аслантайыбыз эми алдыга карай умтулат», — деп жазды ал.