2026-жылдын 17-январында Т.А. жана Октябрь РИИБдин кызматкери, милициянын лейтенанты А.Э.Б., КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (опузалап акча талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча, Ч.М. аттуу жарандан 350 000 (үч жүз элүү миң) сом өлчөмүндө акча алып жатканда пара менен кармалышкан.
Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, жаран Ч.М.ге карата Т.А.ны зордуктаган деген айып тагуу шылтоосу менен опузалап акча талап кылуу фактысы орун алган. Буга байланыштуу Т.А. милиция кызматкери Э.А. менен алдын ала сүйлөшүп алып, оң чечим кабыл алуу үчүн Ч.М.дан жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын талап кылышкан. Мындан улам, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун санкциясынын негизинде Э.А. жана Т.А. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынды.