«Зордуктап, чуңкурга ыргытып кетти» деген аялдын окуясы. Соттон эмне үчүн шектүүнү үй камагына чыгарганын айтышты

Кечээ, 30-июлда социалдык тармактарга зордукталганын айткан аялдын видеосу тараган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жабырлануучу И. Б. менен байланышканыбызда, учурда ооруканада жатканын айтып, акыйкаттык издей турганын билдирген.

Анын айтымында, окуя 24-июлда болгон. Айылдашы унаага күч менен салып барып, зордуктап, чуңкурга ыргытып жиберген. Ал чуңкурдан эптеп чыгып, үйгө өзү барганын айтат. Туугандары ооруканага жеткирип, милицияга арыз жазган.

Жабырлануучунун айтымында, шектүү кармалган, бирок Ак-Суу райондук соту шектүүнү үй камагына чыгарып жиберген. Аял президент Садыр Жапаровго кайрылып, акыйкаттык издей турганын айтты. Анын айтымында, кечээ ага арызды алуу боюнча коркутуулар болгон.

Редакцияга Ысык-Көл облустук сотунан шектүүнүн үй камагына чыкканы боюнча маалымат беришти.

«Ак-Суу райондук сотунун 29-июлдагы токтому менен айыпталуучунун бөгөт коюу чарасы катары 27-сентябрга чейин үй камагы түрүндө тандалган. Анткени айыпталуучунун өздүгү аныкталып, туруктуу жашаган жери бар, үй-бүлөлүү, бойго жете элек 5 баласы бар экендиги эске алынган»,- деп айтылат маалыматта.