«Зыян тартып жатышат». Депутат пахтанын баасы арзан болуп жатканын айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев пахтанын баасы арзан болуп жатканын айтып, дыйкандардын нааразычылыгын жеткирди.

«Мен кечээ Кара-Суу районундагы дыйкандар менен жолуктум. Аларда пахтанын баасы боюнча арыз-муңу бар. Негизинен 5-6 завод бар. Алар пахтанын баасын көтөрбөй жатышат. Дыйкандардын мээнети акталбай жатат. 1 гектар жерге сепкен пахтадан 30-40 миң сомго чейин зыян тартышууда», — деди депутат.