«Атак-даңк» сериалы Түштүк Кореянын абройлуу сынагында «эң мыкты дорама» аталды

«Атак-даңк» сериалы Түштүк Кореянын абройлуу сынагы деп таанылган «Baeksang Arts Awards» сыйлыгын тапшыруу аземинде «эң мыкты дорама» аталды. Ал 28-апрель күнү 59-жолу өтүп, анда киноиндустрия, телевидение жана театрдагы эң мыкты эмгектер өз баасын алды.

Дорама жана тасмалар категориясындагы жеңүүчүлөр:

Дэсан (башкы сыйлык)
Пак Ынбин — «Адаттан тыш адвокат У Ён У» сериалы

Эң мыкты дорама
• «Атак-даңк»

Эң мыкты актёр жана актриса (дорамалар)
Ли Сонмин — «Магнаттын кенже уулу»
Соң Хйе Кйо — «Атак-даңк»

Эң мыкты режиссёр: Ю Иншик — «Адаттан тыш адвокат У Ён У» сериалы
Эң мыкты сценарий: Пак Хэён — «Менин эркиндикке чыгууга карай күндөлүгүм»

Дэсан (башкы сыйлык)
• «Кетүү чечими» тасмасы

Эң мыкты фильм
• «Түнкү үкү»

Эң мыкты актёр жана актриса (фильмдер)
Рю Чжунёль — «Түнкү үкү»
Тан Вэй — «Кетүү чечими»

Эң мыкты режиссёр: Пак Чанук — «Кетүү чечими»
Эң мыкты сценарий: Чон Чури — «Кийинки Сохи»