«Атак-даңк» сериалына тартылган актёр менен актриса кыз-жигит экенин жарыялашты

«Атак-даңк» сериалына тартылган актёр Ли Дохён менен актриса Лим Чжиён кыз-жигит экенин жарыялашты. Бул тууралуу корей басылмалары жазышты.

«Dispatch» жазгандай, эки атактуунун сезимдери «Атак-даңк» сериалынын соңку тартуу иштеринде башталган. Экөө мамилесин долбоордогу кесиптештеринен жашырган. Актёр жана актрисанын компаниялары маалыматты ырастап, алардын мамилесин колдоого чакырды.

Белгилүү корей актрисасы Соң Хйе Кйо башкы ролду ойногон Netflix сервисинин «Атак-даңк» («The Glory» / «Слава») сериалынын биринчи сезону да, экинчи сезону да ийгиликтүү болду. Бул долбоор «Мистер Саншайн», «Гоблин» жана «Күндүн мураскерлери» сериалдарынын сценаристи Ким Ын Сук жазган алгачкы пьеса. Аталган драмада мектепте кордук көргөн кыздын өч алуусу чагылдырылат.