Белгилүү корей актёру жана актриса, ырчысы Ли Жоң Сок менен IU кыз-жигит экендиги маалымдалды

Белгилүү корей актёру жана актриса, ырчысы Ли Жоң Сок менен IU кыз-жигит экендиги маалымдалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда Dispatch салттуу түрдө кезектеги түгөйлөрдү жарыялоодо билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча, эки атактуу 4 айдан бери жакын мамиледе жүрүшөт. IU жакында эле Ли Жоң Соктун инисинин үйлөнүү тоюнда ырдаса, Ли Жоң Сок ырчыны иниси менен Японияга Рождество майрамын белгилөөгө чакырган. Актёрдун жакын адамдарынын биринин айтымында, эки атактуунун мамилеси тууралуу алардын ата-энелери жана жакындары билишет.