Белгилүү корей актёру Соң Жуң Ки жакында балалуу болорун жар салды

BUSAN, SOUTH KOREA - OCTOBER 06: South Korean actor Song Joong-Ki arrives at the opening ceremony of the 26th Busan International Film Festival at the Busan Cinema Center on October 06, 2021 in Busan, South Korea. (Photo by Han Myung-Gu/WireImage)

Белгилүү корей актёру Соң Жуң Ки жакында балалуу болорун жар салды. Ал бул тууралуу күйөрмандарына кайрылган катында билдирди.

Атактуу буга чейин кыз-жигит мамилеси бардыгы ачыкталган Кэти Луиз Сандерс менен никесин каттаганын жана экөө баласынын бул дүйнөгө жарыкка келишин күтүп жатышканын айтты. Үйлөнүү тою качан өтөрү азырынча сүйлөшүлүп жатканы жана алар бирде Түштүк Кореяда, бирде Улуу Британияда жашай тургандыгын билдиришкен. Корей актёрунун жубайы британиялык актриса жана анын биринчи никесинен 11 жаштагы кызы бар экендиги маалымдалган.

Соң Жуң Ки 2017-жылы «Күндүн мураскерлери» сериалынан кийин сүйүшкөндөргө айланган белгилүү корей актрисасы Соң Хйе Кйого үйлөнүп, 2019-жылы ажырашып кеткен.