Белгилүү корей актрисасы Пак Шин-хйе турмушка чыкты

Кечээ, 22-январда белгилүү корей актрисасы Пак Шин-хйе менен корей актёру Чой Тэ-Жундун үйлөнүү-үлпөт тою болуп өттү. Корей басылмалары жазып чыккан маалыматтарга караганда, салтанат Сеул шаарындагы чиркөөлөрдүн биринде орун алган.

Актриса үйлөнүү-үлпөт тойдо кийиле турган улуттук көйнөктө түшкөн сүрөтүн жарыялады. Билдирүүнү «Куттуктоо жана каалоо-тилек жөнөткөн ар бириңиздерге ыраазычылык» деген жазуу менен коштогон.


2021-жылдын ноябрь айында эки атактуу ымыркай күтүп жатышканын жана жакын арада бош кошо тургандыгын жарыялашкан. Алар 2017-жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп келишет, ал эми элге мамилесин 2018-жылы айтышкан.