Белгилүү корей актрисасы Соң Хйе Кйо башкы ролду ойногон жаңы сериал дүйнөлүк рейтингде 5-орунга чыкты

Белгилүү корей актрисасы Соң Хйе Кйо башкы ролду ойногон Netflix сервисинин жаңы «Атак-даңк» («The Glory» / «Слава») сериалы дүйнөлүк рейтингде 5-орунга чыкты.

Сериалдын 1-8-эпизоддору 30-декабрда көрүүчүлөргө жарыяланып, эки күн ичинде рейтингдин жогорку сабына көтөрүлдү. 16 сериядан турган «Атак-даңктын» калган бөлүгү ушул жылдын март айында көрсөтүлөт. Түштүк Корея, Индонезия, Малайзия, Филиппиндер, Катар, Сауд Арабия, Сингапур, Тайвань, Таиланд жана Венесуэлада сериал биринчи орунга чыкты.

«Атак-даңк» — бул «Мистер Саншайн», «Гоблин» жана «Күндүн мураскерлери» сериалдарынын сценаристи Ким Ын Сук жазган алгачкы пьеса. Аталган драмада мектепте кордук көргөн кыздын өч алуусу чагылдырылат.