Белгилүү корей актрисасы Соң Хйе Кйо тартылган сериалдын уландысы бир күндө 3-орунга чыкты

Белгилүү корей актрисасы Соң Хйе Кйо башкы ролду ойногон Netflix сервисинин «Атак-даңк» («The Glory» / «Слава») сериалынын уландысы бир күндө дүйнөлүк рейтингде 3-орунга чыкты. Аталган сервисте 2-сезон толугу менен жарыяланганына байланыштуу көрүүчүлөрдүн көбү жума күндүн түнү уктабай көрүшкөн.

«Атак-даңк» баш-аягы 26 өлкөдө рейтингде биринчи орунду ээледи. Алар Түштүк Корея, Япония, Гонконг, Тайвань, Таиланд, Филиппиендер, Вьетнам, Индонезия, Сингапур, Боливия, Чили, Мексика, Перу, Нигерия, Сауд Аравия, БАЭ жана башка. 13 өлкөдө экинчи орунга чыкты. Сериал Азия чөлкөмүнөн тышкары да популярдуу болуп жатат, АКШ, Канада жана башка өлкөлөрдө үчүнчү орунду алды.

«Атак-даңк» — бул «Мистер Саншайн», «Гоблин» жана «Күндүн мураскерлери» сериалдарынын сценаристи Ким Ын Сук жазган алгачкы пьеса. Аталган драмада мектепте кордук көргөн кыздын өч алуусу чагылдырылат.