Белгилүү кореялык актёр Соң Жуң Ки уулдуу болду

Белгилүү кореялык актёр Соң Жуң Ки уулдуу болду. Анын жубайы Кэти Луиз Саундерс туулган шаары Римде баласын жарык дүйнөгө алып келди. Актёр баласынын колунун сүрөтүн жарыялаганын түштүк кореялык басылмалар жазышты.

Буга чейин Соң Жуң Ки балалуу болорун билдирген болчу. Корей актёрунун жубайы британиялык актриса жана анын биринчи никесинен 11 жаштагы кызы бар экендиги маалымдалган.

Соң Жуң Ки 2017-жылы «Күндүн мураскерлери» сериалынан кийин сүйүшкөндөргө айланган белгилүү корей актрисасы Соң Хйе Кйого үйлөнүп, 2019-жылы ажырашып кеткен.