«Blackpink» тобу менен Селена Гомеске клипти чогуу тартууга жабык чек ара тоскоол кыла алган эмес

«Blackpink’тин» ырчысы Розэ «W Korea» журналына маек берип, топтун соңку жаңылыктары жана жакынкы пландары тууралуу айтып берди.

4 кыздан турган аталган топ Селена Гомес менен биргеликте «Ice cream» деген ырды жаздырышкан. Бул тууралуу Розэ: «Коронавирус пандемиясына байланыштуу биз жолугуп, чогуу иштеше албадык. Видео чалуу аркылуу гана байланышып жаттык. Иш шаңдуу маанайда жүрдү, ошондон улам күйөрмандарыбызга ыр аркылуу жандуу энергия тартуулай алдык деп үмүт кылам», — деген.

Ырчы аткаруу үчүн эң татаал «Blackpink’тин» ыры деп «Hope not» чыгармасын тандап алган. Себебин атактуу бул ырды аткаруу учурунда түрдүү сезимдерди ойготуу керектиги менен түшүндүргөн.

«Blackpink» тобунун алгачкы толук форматтагы альбому 2-октябрда жарык көргөнү жатат. Дүйнөнү дүңгүрөткөн бул топ мындан 4 жылда мурда түзүлгөн.