«Blackpink» тобунун ырчысы Лисанын ысымы жаңы гүлгө ыйгарылды

«Blackpink» тобунун ырчысы Лисанын ысымы жаңы гүлгө ыйгарылды. Бул тууралуу Түштүк Кореянын басылмалары жазышты.

Буга чейин Таиланддын Наратхиват провинциясында изилдөөчүлөр тарабынан сейрек кездешүүчү оролуп өскөн жыпар жыттуу гүл табылып, аны «Бунга Лалиса» деп аташты. Бул аталышты «Blackpink» тобунун ырчысы Лиса Манобалдын ысымынын урматына коюшкан. «Бунга» гүл деп которулат, ал эми «Лалиса» бул Лисанын толук ысымы.