BTS дүйнөнүн булуң-бурчунан барган 100 миң күйөрманына бекер концерт берди

Бүгүн, 15-октябрда Түштүк Кореянын Бусан шаарында BTS тобу дүйнөнүн булуң-бурчунан барган 100 миң күйөрманына бекер концерт берди. Бул иш-чара шаардын 2030-жылы өтүүчү World Expo дүйнөлүк көргөзмөсүнө катышуу үчүн билдирмесин колдоо алкагында уюштурулду.

Билеттер бир ай мурда лотереялык системада ойнотулуп, 100 миң орун 15 мүнөттө «таланып» кеткен. Жалпы жонунан бекер концертке барууну каалоочулардын саны жарым миллионго жеткен.

Бекер концерт 90 мүнөткө созулду. Шаардын башкы стадионунда өткөн концертке 100 миң күйөрман барып, бул иш-чара Бусандагы эң ири окуяга айланды.