Белгилүү «BTS» тобу тыныгуу алды. Эми ар бири жеке ырчы катары күйөрмандарын сүйүнтөт

Белгилүү «BTS» тобу убактылуу тыныгууга чыкты. Мындай жаңылыгы менен бойз-бэнд 9 жылдык мааракесинде билдиришти.

Маалыматка ылайык, топтун ар бир мүчөсү жеке ырчы катары өздөрүн сынап көрмөкчү. Аталган чечимге келүү топ үчүн да жеңил болбогонун айтышат.

Куралган 9 жыл аралыгында «BTS» тобу өлкөнүн экономикасына миллиарддаган доллар киреше алып келгендиги маалымдалат.