«Чыныгы сулуулук» дорамасынын баш каармандары сүйүү мамилесин ачыкташты

Түштүк Кореяда соңку учурда рейтинги эң жогору болгон “Чыныгы сулуулук” дорамасынын баш каармандары Мун Га Ен жана Чха Ы Ну кыз-жигит катары суйлөшүп жатканын ачыкташты.

Сырткы келбеттин сулуугунан да, жан дүйнөнүн сулуулугу маанилүү экенин баяндаган сериал 2020-жылы жарыкка чыккан. Киного тартылып жаткан мезгилден эле актёрлордун мамилеси бышыкталып, Инстаграмга киргизген фотолордон байкалган. Бирок ал мезгилде алар бул маалыматты четке кагып, ушак деп танып келишкен. Ал эми мамиле тууралуу расмий маалыматты Чха Ы Нунун лейбли ачыктады. «Аларды сырттан күзөтүп, сүйүшкөндөрдүн сезимдерин колдоп коюңуздар” деп жазган актёрдун компаниясы.