Атактуу кореялык актёр өз жанын кыйды. Ал буга чейин элдин тепкисинде калган

«Оскар» сыйлыгынын лауреаты болгон «Паразиты» тасмасында бай үй-бүлөнүн атасынын ролун аткарган түштүк кореялык актёр Ли Сон Гюндун жансыз денеси бүгүн, 27-декабрда унаадан табылганын Yonhap агенттиги укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди. Болжол менен ал өз жанын кыйган.

Ли табылган унаа Сеулдун борборундагы сейил бакта токтотулган. Тез жардам кызматынын кызматкери актёр табылган учурда каза болгондугуна байланыштуу ал ооруканага жеткирилген эмес.

Yonhap тактагандай, полиция Ли Сон Гюндун үйүнөн чыгып кеткендиги тууралуу билдирүү таратылганын, ал кат таштаганын билдирген. Каттын мазмуну берилген эмес. Буга чейин полиция актёрду баңгизат колдонгон деген шек менен тергөөнүн алкагында бир нече жолу суракка алган. Ли Сон Гюн эмнени колдонуп жатканын билбей, алданып калганын жана күнөөсүз экендигин айтып, атүгүл актыгын далилдөө үчүн калп детекторуна да макулдугун билдирген.

Ли Сон Гюн 1975-жылы 2-мартта төрөлгөн. Ал Түштүк Кореянын эң белгилүү актёрлорунун бири жана тасма талаасында соңку 20 жылдан бери түрдүү ролдорду аткарып келген эле.