Корей атактуулары G-Dragon менен Женнинин кыз-жигит экендиги айтылууда

Түштүк Кореянын «Bigbang» тобунун ырчысы G-Dragon менен «Blackpink» тобунун солисти Женнинин бир жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөндүгү тууралуу маалыматтар чыкты.

Атактуу ырчы кыздын рэпердин үйүнө байма-бай каттай турганы жана түнөп калары бир канча ирет кадрга илинип калган. Эки белгилүүгө жакын болгон адамдар журналисттерге алардын мамилеси бар экенин ырастап беришкен. «G-Dragon менен Женни кыз-жигитпи?» деген суроого алардын «YG Entertainment» деп аталган компаниясы «Биздин артисттердин жеке жашоосу тууралуу маалымат бере албайбыз. Түшүнүү менен кабыл алыңыздар» деп жооп кайтарган.