Корей тобунун солистинин туулган күнүн кыргыз фанаттары куттукташты

Корей тобунун солистинин туулган күнүн кыргыз фанаттары куттукташты. Бүгүн, 4-декабрда дүйнөгө белгилүү “BTS” тобунун солисти Жиндин туулган күнү. Буга байланыштуу кечээ кечинде анын күйөрмандары (арми) акча чогултуп, “Айчүрөк” соода борборунун экранын ижарага алып, куттуктоо видеосун коюшту. Маалыматты аталган соода борборунун кызматкерлери да тастыктады.

“BTS” тобунун солисти Жин 1992-жылы 4-декабрда туулган. Топтун эң улуусу. Командадагы позициясы – вокалист.

“BTS” тобунун фанаттарын арми (A.R.M.Y.) деп аташат.