Корейлердин «Кальмар оюну» сериалы биринчи жолу Netflix’те төрдү ээледи

Түштүк Кореянын «Кальмар оюну» («Игра в кальмара»/»Squid game») сериалы биринчи жолу Netflix платформасында төрдү ээледи, тагыраагы эң мыкты сериалдардын ондугунун сап башына чыкты. Бул тууралуу Korea Times басылмасы жазып чыкты.

Триллер жанрында тартылган сериалдын премьерасы 17-сентябрда болгон. Көрсөтүлгөн апта ичинде эле ал рейтингде 2-орунду ээлеп, андан кийин тизменин лидерлигин да алган. Кино сынчылар декорациялардын масштабын, актердук курамдын жакшы тандалганын, режиссердун ишин мактап жатышат. Ошол эле учурда сюжетте ырайымсыз эпизоддор көп экенине нааразылар да бар.

Сериал 9 эпизоддон турат жана анда каармандар өмүрү акчага же өлүмгө сайылган жарыштарга катышат. Башкы ролдорду И Жоң Жэ, Пак Хэ-су, Жоң Хо-йон, Ким Жу Рйоң аткарган. «Кальмар оюну» сериалынын режиссеру Хваң Доң-хёк, ал буга чейин «Намхансансон чеби» жана «Мисс энеке» тасмаларын тарткан.