Корей актёру Ким Су Хён тасмага тартылууга Netflix’тен сунуш алды

Корей актёру Ким Су Хён тасмага тартылууга Netflix’тен сунуш алды. «Америкалык психопат» деген фильмдин адаптациясы болору маалымдалып, сервис ал картина «Бармак» деген сериалга айланат дейт. Актёрдун агенттиги атактуу сунушту карап жатканын билдирген.

«Америкалык психопат» 2000-жылы Брет Истондун романы боюнча тартылган. Анда окуя башкы каарман болгон нью-йорктук банкирдин тегерегинде өнүгөт. Ал ачуусун башкара албай калган учурда бир канча кишини өлтүрөт. Башкы ролду Кристиан Бэйл ойногон.


Эгерде Ким Су Хён сунушка макул болсо, анда ал бай жашаган социопаттын ролун жаратат. Сериал азырынча кастинг стадиясында. Тартуу иштери эмдиги жылдын жаз мезгилинде башталары күтүлүүдө.