«Пентхаус» корей сериалы болуп көрбөгөндөй талкууну жаратып, атактуулукту багынтууда

«Пентхаус» корей сериалы болуп көрбөгөндөй талкууну жаратып, атактуулукту багынтып жатат. Ал 7 апта бою эң популярдуу дорама бойдон калууда. Бул тууралуу Good Data Corporation жазып чыгып, эң алдыңкы ондукка кирген сериал менен актёрлордун тизмесин жарыялады. Рейтинг түз эфирде көрсөтүлгөн дорамалар тууралуу чыккан жаңылыктар, социалдык тармактагы комментарийлер жана блогерлердин постторунун анализинин негизинде түзүлөт.

Дораманын кыскача мазмунуна келсек, сериалда чириген бай болуп жашайм деп максат койгон аялдын тегерегиндеги окуялар чагылгандай тездик менен өнүгүп көрсөтүлөт. Ал кандай гана жол менен болбосун байлар гана турган пентхаустун эң жогорку кабатында жашоого умтулат. Жыйынтыгында каарман өзү бир кезде жек көргөн сапаттагы адамга айланып баштаганын түшүнөт.

«Пентхаус» сериалынын биринчи сезону ушул айдын башында соңуна чыгып, көп өтпөй, анын экинчи сезонунун тизери жарыяланды.