Популярдуу «Кальмар оюну» сериалынын экинчи сезонунун трейлери жарыяланды

Netflix популярдуу «Кальмар оюну» сериалынын экинчи сезонунун трейлерин жарыялады. Анда көрүүчүлөр мурдагы жана жаңы каармандардын өмүрү сайылган жаңы оюндарга күбө болушат.

Кореялык «Кальмар оюну» сериалынын биринчи сезону 2021-жылдын күзүндө көрсөтүлүп, хитке айланган. Экинчи сезондун премьерасы 2024-жылдын аягына пландалууда.