Сеулда k-pop тобунун 25 жаштагы лидери Мунбиндин жансыз денеси табылды

Сеулда түштүк кореялык «Astro» балдар тобунун жылдызы Мунбиндин (MoonBin) жансыз денеси үйүндө табылды. Ал 25 жашта болчу. 

Полициянын маалыматы боюнча, Мунбинди 18-апрелге караган түнү менеджери Сеулдун түштүгүндөгү үйүндө тапкан. Менеджер ырчы менен байланыша албагандыктан анын үйүнө барганы айтылууда. Полиция Мунбин өз жанын кыйды деп эсептейт, анткени алар зордук-зомбулуктун эч кандай далилин таба алышкан эмес. Дагы бир вариант боюнча, анын жүрөгүнүн согуусу токтоп калгандыктан каза болгон.