«Сүйүүнүн авариялык конуусу» корей сериалынын жылдыздары уулдуу болушту

Кечээ, 27-ноябрда «Сүйүүнүн авариялык конуусу» корей сериалынын жылдыздары Хён Бин менен Сон Йе Жин уулдуу болушту. Бул тууралуу Түштүк Кореянын басылмалары жазышты.

Түштүк Кореянын белгилүү актёру Хён Бин менен актрисасы Сон Йе Жин ушул жылдын март айында баш кошушкан. Эки атактуу «Сүйүүнүн авариялык конуусу» сериалына жана «Сүйлөшүүлөр» деген тасмага чогуу тартылган. Экөөнүн мамилеси сериалда чогуу иштешип, кийин тартуу иштери аяктаган соң аруу сезимдерге айланган. Актёр Хён Бин да, актриса Сон Йе Жин да 1982-жылы туулган.