«Сүйүүнүн авариялык конуусу» сериалын «Көз жаштын ханышасы» 5 жылдан кийин төрдөн алып түштү

Түштүк Кореяда көрсөтүлгөн «Көз жаштын ханышасы» («Королева слёз») сериалынын финалдык эпизоду tvN телеканалынын бардык дорамаларынын ичинен көрүү рейтинги боюнча жаңы рекордду койду. Буга чейин ал рекорд 2019-2020-жылдары көрсөтүлгөн «Сүйүүнүн авариялык конуусу» («Аварийная посадка любви») сериалына таандык болчу.

«Көз жаштын ханышасы» сериалында жубайлардын муздап калган мамилеси кантип баштапкы абалына келүүсү тууралуу баяндалат.