Түштүк кореялык актёр Ли Сын Ги менен актриса Ли Да Ин баш кошушту

Түштүк кореялык актёр Ли Сын Ги менен актриса Ли Да Ин баш кошушту. Алардын үйлөнүү үлпөт тою кечээ, 7-апрелде Сеулдагы отелдердин биринде 700дөй коноктун коштоосунда өттү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматтарга караганда, жубайлар ишинин тыгыз графигине байланыштуу бал айына азырына бара алышпайт.