Түштүк Кореянын атактуу актёру менен актрисасынын экрандагы сүйүүсү жашоодогу аруу сезимге алып келди

Түштүк Кореяда бир жыл мурда «Сүйүүнүн авариялык конуусу» сериалы укмуштуудай популярдуу болуп, анын баш каармандарынын атактуулугун да ого бетер арттырган. Алардын экрандагы сүйүүсүнө суктанган көрүүчүлөр «жашоодо да бири-бирин жакшы көрүп калышса экен» деген өңдүү пикирлерди жаадырган эле.


Кечээ, 1-январда актёр Хён Бин менен актриса Сон Йе Жин соңку 8 айдан бери кыз-жигит экендиги тууралуу маалымат ачыкка чыкты. Атактуулардын агенттиктери жогорудагы маалыматты ырасташты.  «Экөөнүн мамилеси сериалда чогуу иштешип, кийин тартуу иштери аяктаган соң аруу сезимдерге айланган» деп жазылат агенттик тараткан маалыматта.

Буга улай эле актриса Сон Йе Жин дагы социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады. «Иш тууралуу эмес, жеке жашоом жөнүндө биринчи жолу сиздерге айтуудан тартынып турам. Жакшы адамды жолуктурганыма ыраазымын жана аны менен болгон мамилеге жакшы кам көрүүнү улантам», — деп жазган актриса.

Репортёрлордун папарацци кылтагына эки атактуу гольф ойногондон кийин илинип калышкан. Анда Сон Йе Жин жигити Хён Биндин унаасына отурганы тартылып калган.


Алардын кыз-жигит экендиги тууралуу кептер эки жыл мурда эле тараган болчу. Анда алар «Сүйлөшүүлөр» деген тасмага чогуу тартылган. Бирок атактуулардын агенттиктери ал маалыматты калп деген эле.

Актёр Хён Бин да, актриса Сон Йе Жин да 1982-жылы туулган.