Түштүк Кореянын атактуу актёру менен актрисасынын үлпөт тою өтүп жатат

Бүгүн, 31-мартта Түштүк Кореянын атактуу актёру Хён Бин менен актрисасы Сон Йе Жиндин үлпөт тою өтүп жатат. Бул тууралуу корей басылмалары жазып жатышат.

Той Сеул шаарында жайгашкан «Sheraton Grand Waterhill» мейманканасында орун алып, ага 200дөй конок чакырылган. Буга чейин пандемияга байланыштуу той чакан чөйрөнүн катышуусунда өтөрү маалымдалган. Үйлөнүү үлпөт тойго 190 миң доллар сарпталары да жазылган.

Аталган эки атактуу «Сүйүүнүн авариялык конуусу» сериалына жана «Сүйлөшүүлөр» деген тасмага чогуу тартылган. Экөөнүн мамилеси сериалда чогуу иштешип, кийин тартуу иштери аяктаган соң аруу сезимдерге айланган. Актёр Хён Бин да, актриса Сон Йе Жин да 1982-жылы туулган.