Ырчы Se7en менен актриса Ли Дахинин үлпөт тою атактууларды чогултту

Кечээ, 6-майда Сеулда ырчы Se7en менен актриса Ли Дахинин үлпөт тою атактууларды чогултту. Бул тууралуу Түштүк Кореянын басылмалары жазышты.

«Big bang» тобунун ырчылары G-Dragon, Дэсон жана Тэян, актриса Пак Ши Ён, актёр Ли Сухёк, «2NE1» тобунун ырчылары CL, Минзи жана Дара, продюсер Тэдди, ырчы Gummy, «Super Junior» тобунун катышуучулары Итык, Ынхёк, Донхэ, Кюхён, Хичоль жана Канин, актёр Ким Хён Чжун, ырчы Ким Чжэ Чжун, ырчы Им Наён, актёр Квак Ши Ян, актриса Ха Ён Су жана башкалар үйлөнүү-үлпөт тойго барышты.

Ырчы Se7en менен актриса Ли Дахи сегиз жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, баш кошушту.