Акырын бассаң аксак…

Биз, каныбызга бүткөн жаман адаттан арылмайын эч убакта өлкөбүздү оңой албасыбыз айдан ачык. Чуркап бараткан күлүктү бутка чалмай, ич күйдүлүк дегенден арыла албай келебиз. Муну акыл калчап, алысты көрө билбегендик дейт. Качан сен мекенден оолак жашаганыңда гана Ата Журттун кадыры билинет. Алыскы өлкөдө жашап атып өз өлкөңдүн жетишкендиктери менен кемчиликтерин алаканга салгандай көрөсүң. Жакшысына сүйүнөсүң, жаманына күйүнөсүң.

Биздин да ушул кубаттуу экономикага ээ болгон Европа мамлекеттериндей эле жашоого акыбыз бар. Мына мен өзүм бир канча жылдан бери чет жерде жашап, чет жерде күн көрүп келгендиктен кыргыз элинин жашоо шарты оңолбой эле улам артка кетип атканына катуу арданам. Себеби, иштин көзүн билген адамдын потенциалын толук аңдоо деген түшүнүк түк жок бизде. Билими, фантазиясы, интеллектуалдык дарамети бийик, мамлекет үчүн иштеп Кыргызстанды бутка тургузалы деген адамдар арабызда жок эмес. Андайлар арбын. Мекен десе мекендин баркын, жаратылыш шартыбызды, табиятыбызды, экономикабызды, кен тармагын терең түшүнгөн адистердин бири Теңгиз Бөлтүрүктүн алдыда жасай турчу иштери али арбын. Кыргызстандын жашоо-турмуш деңгээлин оңдоп, элибизге эчендеген жумушчу орундарын түзүп берүүдө казынаны толтура турчу ири ишканаларды ачуу демилгеси менен жашап, ошонун аркасында тыным албай эмгектенип жүргөн Теңгиз Бөлтүрүктүн алдыда 32 ири долбоору бар. Алар эгер чындап эле ишке аша турган болсо, Өкмөт колдоого алып анын потенциалын колдосо, анда өлкө келечегин курууда алгылыктуу иштер жүрмөк.

Теңгиз Бөлтүрүк тээ илгери Москвадан атайы жогорку билимге ээ болуп чыгып өлкөнүн кен тармагында эмгек жолун баштаган күндөрдө эле Кыргызстанга ири киреше алып келчү тармактын талкаланып атканын, улуттук кызыкчылыкты көздөбөстөн жеке кызыкчылык күч алып кеткенин ойлоп кейичү. Ошол кездерде эле “Кумтөрдөн” Кыргызстан канчалаган киреше аларын, жеке эле “Кумтөр” гана эмес тоо-ташы алтынга барабар өлкөдөн мамлекет заматта бутка тураарын, ички дүң продукциясын бир топ эсе жогорулатса болоорун айтып кабатырланчу. Акыры жыйырма жылдай Канадада кен тармагында эң мыкты адис экенин далилдегенден кийин Кыргызстанга 2020-жылы Садыр Жапаровдун чакыруусу менен “Кумтөр” кенине жетекчиликке келген күндөн тарта андагы алешемдиктерди, улут кызыкчылыгына доо кетирген терс көрүнүштөрдү жоюуга киришти. Башкасын айтпаган күндө да буга чейин эч бир президент “Кумтөргө” Кыргызстан толук ээлик кылуусу үчүн  мынчалык батыл киришпеген. Мына ушул маселеде Теңгиз Бөлтүрүк атайы дүйнөнүн эң мыкты делген адвокаттык конторасынан дасыккан адистерди жалдап, Кыргызстандын жаратылышын талоонго алып, талкалап зыянга учуратканы үчүн канадалык ишкерлер менен соттошуп отуруп, аларга ушунча жылдан бери келтирилген чыгымдарды фактылар менен бирден санап, акыры соттон өлкөбүз жеңишке ээ болуп чыкты. Бул маселеде да президент Садыр Жапаров Теңгиз Бөлтүрүктү колдоого алып, дем бергени үчүн оңдуу тыянак чыгып олтурат. Кыргызда “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” деген кеп бар го. Теңгиз Бөлтүрүккө карата финансылык мыйзам бузуулар бар, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктылары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынган деп айыптап иштен четтетилип олтурат. Мунун анык-бышыгын качан Теңгиз Бөлтүрүк калың эл алдында бере турчу отчётунан улам билишээр. Себеби, “Кумтөрдө” баасы 3 миллион долларга барабар 117 жүк ташуучу “Caterpillar” унаасына атайы кымбат баада өзүнүн күйүүчү майлоочу “Арктика” майы колдонулаарын, анан да анда иштеген жүздөгөн жергиликтүү кызматкерлердин буга чейин тыңгылыктуу тамак-аш менен камсыздалбай келгенин, эми Теңгиз Бөлтүрүк келээри менен кенде иштегендеги зыяндуулукка каршы атайы азыктар алынып келингенин көпчүлүк жакшы биле бербесе керек.

Макаланын автору: Уланбек Асыранов