Соңку кезде Кыргызстанда Улуттук банктын алтын валюталык резервин пайдалануу маселеси талкууланып жатат. Айрым саясатчылар менен активисттер резервдерди тышкы карызды жабууга же өлкөнүн экономикалык өсүшү үчүн колдонсо болорун айтууда. Алар алтын валюталык резервдер Улуттук банкта пайдасыз жүк болуп жатканын аргумент келтиришти. Бул пикирлер канчалык негиздүү?
Улуттук банктын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты болуп тийиштүү акча-кредиттик саясатты жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугуна жетүү жана аны кармап туруу саналат. Бул максатка жетүүнүн негизги инструменттеринин бири – улуттук валютанын курсунун туруктуулугун кармоо. Сом Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында эң туруктуу валюта катары саналат. Мунун бирден бир себеби – Улуттук банкта алтын валюталык резервдин жетиштүү деңгээлде болушу. Алтын валюталык резеврдерди кыскартуу дароо инфляциянын өсүшүнө жана улуттук валютанын девальвацияланышына алып келет, себеби керек учурда регулятордун тийиштүү чараларды кабыл алуу жөндөмүнө рыноктун ишеними жоголот.
А төмөнкү инфляция жана алмашуу курсунун туруктуулугу инвестициялык климат үчүн абдан маанилүү. Керектөөчүлүк баалар жана улуттук валютанын курсу олку-солку болгон шартта бизнес узак мөөнөттүү долбоорлорду пландаштыра албайт, рентабелдүүлүк, чыгаша, киреше сыяктуу экономикалык индикаторлорду эсептеши кыйындайт. Ансыз да Кыргызстандын инвестициялык климаты өтө жагымдуу эмес, себеби рынок чакан, инвестициялар тийиштүү түрдө корголгон эмес, инфраструктура анчалык өнүгө элек. Буларга кошул-ташыл болуп макроэкономикалык туруктуулук болбосо, анда инвестициялардын көлөмү дагы да түшөт.
Алтын валюталык резервди кармап туруу дүйнөдөгү башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстан үчүн маанилүүрөөк. Себеби биздин экономикабыз өз көлөмүнөн улам калк үчүн керектүү товарлардын көпчүлүгүн өндүрбөйт. Импортубузду карасаңыз, ал ИДӨгө дээрлик барабар. Элдик керектөө товарларынын, керектүү сырьенун, жабдуулардын, ал тургай азык-түлүктөрдүн басымдуусун биз сырттан алып келебиз. Ушул импортту жаап, керектөөчүлөр үчүн баалар кескин өсүп кетпешин камсыздаш үчүн валютанын чоң көлөмү керек.
Эң мыкты эл аралык практикаларга ылайык, алтын валюталык резервдин жетиштүүлүгү импортту жабуу коэффициенти аркылуу эсептелет. Алтын валюталык резервдин 3-6 айлык импортту каржылоого жана ушул эле убакыт аралыгында мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөрдү камсыздоого жеткидей көлөмү коопсуз деп саналат. 2023-жылдын октябрына карата Улуттук банктын алтын валюталык резерви 2,8 миллиард долларга барабар. Ошол эле маалда Кыргызстандын 2023-жылдын алгачкы тогуз айындагы импорту 8,6 миллиард долларды же ай сайын 955 миллион долларды түздү. Ошентип, азыркы алтын валюталык резерв товарларды импорттоого 3 айга жетет, а бул төмөнкү коопсуз чекке барабар. Резервдер көп дегенге болбойт, тескерисинче, аларды мындан ары көбөйтүү тууралуу кеп болушу керек.
Мындан сырткары алтын валюталык резервдердин болушу өлкөнүн кредиттик рейтинги үчүн маанилүү фактор болуп саналат. Ал рейтинг мамлекетке, анын ичинде мамлекеттик да, жеке да секторго насыялар кандай шарттарда берилишин аныктайт. Алтын валюталык резерв канчалык төмөн болсо, тобокелдиктер ошончолук жогору деп эсептелет да, пайыздык чендер да жогору аныкталат. А пайыздык чендер Кыргызстанда ансыз да өтө жогору.
Эң кызыгы, Улуттук банк алтын валюталык резервди ансыз деле өлкөнүн тышкы карызын тейлөөгө колдонот. Мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөрдүн графигин карай турган болсоңуз, Кыргызстан 2024-жылдан 2026-жылга чейинки аралыкта тышкы карызды тейлөө жана төлөөгө 1,2 миллиард доллардай багытташы керек. Муну Улуттук банкта эл аралык резервдер болгон күндө гана ишке ашырса болот. Тышкы карызды мөөнөтүнөн мурда төлөө эч кандай каржылык артыкчылык алып келбейт, биздин тышкы карызыбыз жогорку льготалык болуп, ага дээрлик пайыздар кошулбайт. Тескерисинче, мөөнөтүнөн мурда төлөгөндө туруксуздуктун механизмдери менен айып санкциялары колдонулат.
Эл аралык практикада бийлик Улуттук банктын ишмердүүлүгүнө кийлигишкен мисалдар бар. Көзгө басар мисал – Түркия. Мында Улуттук банктын көз карандысыздыгы жоголгондон улам 2022-жылы инфляция 60 пайыздан ашып, лиранын долларга карата курсу акыркы үч жылда төрт эсеге – 6дан 28 лирага чейин түштү. Жыйынтыгында Түркиянын эсебинин тартыштыгы 2022-жылда 7 эсеге тереңдеп, 48,7 миллиард доллардын деңгээлинде. Азыр Түркиянын Улуттук банкы эсептик ченди 40 пайызга чейин көтөрүүгө аргасыз болду, каатчылыкты жана баалардын тынбай өсүшүн жеңип чыгууга божомолдор боюнча бир нече жыл кетет.
Белоруссияда 2011-жылдагы көзөмөлдөнбөгөн эмиссиянын жана алтын валюталык резервдердин кыскарышынан улам улуттук валюта 3 эсеге түшүп, жылдык инфляция 100 пайыздан ашып кетти.
Биздин Улуттук банкыбызда алтын валюталык резервдин жетиштүү деңгээли болбосо, азыр бизде сомдун курсу жана инфляциянын деңгээли кандай болмогун элестетүү да кыйын. 2023-жыл жалпысынан өлкө экономикасы үчүн жагымдуу болуп турат, ишенимдүү экономикалык өсүш бар, жумушсуздук жок, бюджеттин кирешелери өсүүдө. Бирок экономика өз табияты боюнча циклдүү. Өсүштүн артында дайым төмөндөө болот, анын артынан кайра өсүү орун алат. Кыргызстан өз өсүш жолунда экономикалык каатчылыктарга дагы далай бет келет, ошондо Улуттук банкта резервдер болсо гана каатчылыкты катастрофага өткөрбөй кармап калса болот. Резеврдерди башка максаттарга иштетүү коркунучтуу жана рационалдуу эмес.
Азамат Акенеев, экономист