«Бирге-Вместе» партиясы: «Кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү боюнча президентти колдоо керек»

«Кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү боюнча маселеде президентти жана парламентти колдоо керек». Бул тууралуу «Бирге-Вместе» саясий партиясынын билдирүүсүндө айтылат.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер!

Кылымдардан бери коңшу жашап келген, боордош казак элинин асманын кара түтүн каптап турат. Казак туугандар карайлап турган мезгилде, биз четте кайдыгер көз салып турганыбыз туура эмес болот.

Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары бир катар эл аралык уюмдарда мүчө. Алардын ичинде Жамааттык коопсуздук келишим уюму дагы бар. Уюмдун толук кандуу мүчөсү катары, Кыргызстандын дагы өз милдеттери бар. Биз ал милдеттерди так аткарышыбыз керек. Айрым саясий топтор өз кызыкчылыктары үчүн бул маселени саясатка айландырууга, коомдук пикирди башка жака бурууга аракет көрүп жатышат. ЖККУнун курамында Казакстанга бейпилдик орнотууга кирген кыргыз аскерлеринин өзүнүн так милдеттери болот. Биздин жоокерлер стратегиялык объектилерди коргоого алат. Кыргыз армиясы казак бийлигин коргоп, казак элине ок атат экен деген жалган маалыматтарга ишенбегиле.

Көптөгөн ойлонуудан жана пикир алмашуудан соң, урматтуу президентибиз Садыр Жапаров ЖККУнун куралдуу күчтөрүн Казакстандын аймагына киргизүү чечимине макул болду. Жогорку Кеңештин депутаттары бул чечимди колдоп берди. Эми биз биримдиктүү жана ынтымактуу эл катары өлкө башчыбыздын жана парламентибиздин бул чечимин колдошубуз керек. Мындай кырдаалда саясатчылардын арзан пиарларына жол берилбеши керек. Бүгүнкү чечим өлкөбүздүн экономикасына жана элибиздин социалдык абалына түздөн-түз таасирин тийгизет жана Кыргызстандын эл аралык аренадагы ордун аныктайт. Ошондуктан жалган маалыматтарга, чагымчылдыкка алдырбоого чакырабыз», — деп жазылат «Бирге-Вместе» саясий партиясынын саясий кеңешинин билдирүүсүндө.