«ЭСМ-СИ» ЖЧКсынын өкүлү Бийназар Бердикеев 2026-жылдын 12-мартында АКИpress’те өткөн маалымат жыйынында Энергетика министрлиги «электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларды мажбурлап саттырууну же банкротко учуратууну пландап жатат» деп билдирди.
Электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар Бийназар Бердикеев айткан тармакта банкроттук жана монополия коркунучу тууралуу билдирүүнү колдошууда.
Маалыматка ылайык, кооптонууга себеп болгон жагдай — бул Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2022-жылдын 12-сентябрында №01-13/146 буйругунун долбоору. Ал «Электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергетика тармагындагы айрым маселелер жөнүндө» деп аталып, 2026-жылдын 10-мартында коомдук талкууга коюлган.
Бул буйрукка ылайык, бөлүштүрүүчү компаниялар үчүн электр энергиясын сатып алууга жаңы «импорттук тариф» киргизүү сунушталууда. 2025-жылдын апрелинде бекитилген экономикалык негизделген жеке тарифтердин ордуна компанияларга импорттун орточо салмактанып эсептелген наркына байланган баа таңууланып жатат.
Мында электр энергиясынын импорттук наркынын көлөмү жашыруун болуп, мамлекеттик сыр катары каралат.
Чынында компанияларга ультиматум сунушталууда:
же өз электр тармактарын мамлекетке — Улуттук электр тармактары компаниясына (ААК) — адилетсиз баада сатуу,
же болбосо сөзсүз банкротко алып келиши мүмкүн болгон тариф менен иштөө.
Электр тармактарын сатып алуу үчүн болжол менен 5 миллиард сом талап кылынат. Бул каражат энергетика тармагынын жаңы карызы болуп калат жана акыры мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт.
Ошондой эле жөнгө салуу, көзөмөл жана бөлүштүрүү функцияларынын бир ведомствонун колуна топтолушу тармактагы ачык-айкындуулукту азайтып, атаандаштыкты жокко чыгарары белгиленүүдө. Бул болсо 2027-жылы ЕАЭБдин жалпы рыногун ишке киргизүү үчүн зарыл болгон атаандаштык принциптерине каршы келет. Евразия экономикалык союзунун принциптери рынок механизмдерин жана адилет атаандаштыкты артыкчылык катары карайт.
Сунушталган өзгөртүүлөр жеке сектордун жоголушуна жана жеке инвестициялардын нөлгө түшүшүнө да алып келиши мүмкүн. Ал эми “Электр энергетика жөнүндө” мыйзамдын 1-беренесинде бул мыйзамдын максаттарынын бири — атаандаштык чөйрөсүн түзүү, энергия рыногун калыптандыруу, жеке сектордун өнүгүшүн колдоо жана инвестицияларды тартуу экени көрсөтүлгөн.
Кыргызстанда күч түзүмдөрү тарабынан кысым көрсөтүүнү азайтууга жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган президент Садыр Жапаровдун бизнести коргоо боюнча чараларды активдүү киргизип жаткан саясатынын шартында Энергетика министрлигинин мындай аракеттери энергетика тармагынын өкүлдөрүндө түшүнбөстүк жаратууда.
Энергия бөлүштүрүүчү компаниялар «импорттук тарифти» киргизүүнү көз карандысыз экспертиза жүргүзүлгөнгө чейин токтото турууну сунушташууда. Ошондой эле жөнгө салуучу орган — Отун-энергетика департаментинин жана Мамлекеттик энергоинспекциянын көз карандысыздыгын камсыздап, аларды Энергетика министрлигинин түз баш ийүүсүнөн чыгарууга чакырышууда.